Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Нурсултан Назарбаев "Элбашы" болбой калды


Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев, Астана. 20-март, 2019-жыл.
Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев, Астана. 20-март, 2019-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы референдумга катышкан шайлоочулардын 77% ашыгы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун жарыялады.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68% бир аз ашыгы катышты. Алардын 77% көбү конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон. Быйыл январь айында кандуу тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында шайлоочулардын 33,30% гана добуш берди.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68% бир аз ашыгы катышты.

Мыйзамга ылайык, Казакстандын 17 аймагынын кеминде 12синде шайлоочулардын 50% ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп саналат.

"Натыйжада референдумду өттү деп эсептесе болот. Референдумга коюлган маселени колдогон жарандардын саны өлкөбүздүн бардык өрөөндөрүндө добуш берген шайлоочулардын 77,18% түздү", - деп билдирди Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров.

Алматыда "бойкоттолгон" референдум

Расмий маалыматка ылайык, жалпы шайлоочулардын 18,66% конституциялык өзгөртүүлөргө каршы болгон. Казакстандын көпчүлүк аймактарында добуш берген шайлоочулар 70% ашса, быйыл январь айында тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында жалпы шайлочулардын 33,30% гана референдумга катышты.

Бул күнү Алматыда референдумга каршылык билдирген, саясий туткундарды бошотууну жана кандуу Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган активисттердин акциялары да өттү.

"Кандуу январь. 2022-жыл. Унутпайбыз", "Реконституция" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыккан "Ойгон, Казакстан!" уюмунун активисти Дархан Шариповду Алматынын полициясы кармап кетти.

Казакстандын Лондондогу элчилигинин алдындагы Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган акция. 5-июнь, 2022-жыл.
Казакстандын Лондондогу элчилигинин алдындагы Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган акция. 5-июнь, 2022-жыл.

Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бир адам эки жолу добуш берген, документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган, бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурлар болгонун билдиришти.

Ошондой эле Караганды сыяктуу айрым аймактарда Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын түшүнбөй, шайлоо комиссиясынан маалымат сурагандар болду. Буга чейин өкмөткө сынчыл көз караштагы коомдук ишмерлер Токаевди референдумду кийинкиге жылдырууга чакырып, буга калктын жаңы өзгөрүүлөр менен таанышып чыга албай калганын жүйө келтиришкен.

Жалпысынан Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушталган. Алардын айрымдарына ылайык:

  • Өлкөдө президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат;
  • Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт;
  • Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет;
  • Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет; өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат;
  • Сенатта президент дайындаган эл өкүлдөрүнүн саны 15тен 10го түшүрүлөт.


Казак президент Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирди.

"Бүгүн биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый күн. Эл тагдыр чечүүчү чечим кабыл алып жатат. Эч кандай мажбурлоо жок", - деп билдирген 5-июнда Токаев.

Кантсе да президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, башкы прокурорду, коопсуздук кызматынын башчысын, Улуттук банктын жетекчисин, Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрүн жана башка бир топ жетекчилерди дайындоо укугун сактап калат.

Назарбаев саясий аренадан четтейби?

Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынат. Буга чейин иштеп келген Конституциянын беренелеринде Назарбаев "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү", "Елбасы" деп мүнөздөлүп, анын "макамы өзгөрүүсүз" калары жазылган эле.

Жергиликтүү талдоочулар 69 жаштагы Токаев соңку референдум менен 81 жаштагы Назарбаевдин саясий аранедан биротоло кетишин мыйзамдаштырып жатканын айтышууда.

"Бийлик референдумду өз оюндагыдай өткөрүп алгандан кийин андан ары Назарбаев жана анын айланасындагы адамдардан бийликти болушунча өз колуна алып, автократиялык башкаруу системасын уланта берет деп ойлойм. Себеби конституциялык өзгөртүүлөрдүн бири да президенттин чексиз бийлигин чектебейт", - деп билдирди саясат таануучу Шалкар Нурсеит.

Нур-Султан шаарындагы добуш саноо. 5-июнь, 2022-жыл.
Нур-Султан шаарындагы добуш саноо. 5-июнь, 2022-жыл.

Назарбаев өзү Нур-Султан шаарында добуш бергени тартылган кыска видеону жекшембиде анын маалымат кызматы жарыялады. Мурдагы президент журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Назарбаев Токаевге 2019-жылы мартта бийликти өткөрүп берген жана андан үч ай өтпөй президенттик шайлоо болгон.

Казакстандагы референдум кеминде 238 адамдын өмүрүн алган кандуу Январь окуяларынан дээрлик беш ай өткөндөн кийин уюштурулду. Январдагы нааразылык маалында элдин турмушун оңдоо сыяктуу социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди бийлик сересинен кетирүү, парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу бир катар саясий талаптар да айтылган эле.

Бул окуяларынан кийин Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраганы белгилүү. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева сыяктуу жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Казакстандын учурда иштеп жаткан Конституциясы 1995-жылдагы референдумда кабыл алынган. Андан бери Назарбаевге бийликте узак жыл калууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр парламент аркылуу кабыл алынып келди. Ошондуктан Токаевдин бийлиги Казакстандын тарыхында биринчи жолу Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселеси бүткүл элдик референдумга коюлуп жатканын баса белгилеген болчу.

Казакстандык айрым саясат талдоочулар Токаев демилге кылган соңку референдумду президенттик шайлоого даярдык катары да мүнөздөп жатышат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG