Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Имам Садыбакас Дооловдун ишин эми Башкы прокуратура иликтейт


Имам Садыбакас Доолов
Имам Садыбакас Доолов

Базардагы эттин баасын аялдардын кийими менен байланыштырып, алардын укуктарын бузду делип жаткан Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун айткандарын эми Башкы прокуратура иликтейт. Арызды Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына (УКМК) Умай Арыкова баштаган жарандык активисттер жазган.

УКМК териштирүүнү Башкы прокуратуранын башкармалык жетекчиси У. Султановго жолдогон.

6-июлда Умай Арыкова социалдык тармакка жазган маалыматка караганда, арыз "Садыбакас Доолов аялдардын кийингенине көзөмөл киргизгиси келип, аялдардын укуктарын тебелеп, аларды кемсинткени, антип ал аялзатын малга теңегени" үчүн жазылган.

"Анын кылыгы Конституцияны айтпаганда да Кылмыш кодексинин 189-беренесине туура келет", - деген болчу Умай Арыкова.

Аталган беренеге ылайык, тең укуктуулукка шек келтирген кылмыш үчүн жаранга 50 миң сом айып салынат же ал эки жылга чейин соттолот.

Имам Садыбакас Дооловдун өзү "Азаттыкка" берген маегинде анын сөздөрү тексттен жулуп алынып, туура эмес түшүндүрүлүп, интернетке тарап кеткенин айткан болчу.

Конституцияга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган, ал эми Кыргыз Республикасы эркин, демократиялык, укуктук, светтик мамлекет болуп эсептелет. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG