Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Science: коронавирус Ухандагы жаныбарлар базарынан жайылган


Ухандагы базар. Кытай. 7-декабрь, 2020-жыл
Ухандагы базар. Кытай. 7-декабрь, 2020-жыл

Коронавирус пандемиясы Кытайдын Ухань шаарындагы айбанаттар базарынан жайылган. Окумуштуулардын эки тобу изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келгенин Science журналы жазды.

Биринчи изилдөөдө адистер илдеттин тараганын түшүнүү үчүн картографиялык каражаттарды жана социалдык тармактардагы маалыматтарды пайдаланган. Натыйжада алар 2019-жылдын этегинде вирус базарда сатылган жаныбарлардын организминде бар болчу деген бүтүм чыгарышты. Бирок ал кайсы жандык экени айтылган жок. Алар тар жайда кармалганы гана белгиленди.

2019-жылдын 20-декабрына карай COVID-19га чалдыккан сегиз киши катталган. Бардыгы базардын бир канатында соода кылгандар жана сатып алуучулар болгон. Алгачкы күндөрдө инфекцияланган дагы бир нече бейтап базарга барбаганы менен ал жайга жакын жашачу.

Ал эми экинчи изилдөөнүн авторлору вирустун жаныбардан адамдарга кантип өткөнүн билүү үчүн молекулярдык ыкманы колдонушкан. Алар баштапкы стадияда коронавирустун эки варианты болгонун, биринчисин адам баласы жандыктан болжол менен 2019-жылдын 18-ноябрынын айланасында жугузуп алган деген жыйынтыкка келишти. Бир нече аптадан кийин экинчи вариантына кабылган.

Биринчи түрүн сөз болгон базарда иштегендерден, экинчисин жакын жерде жашагандардан аныкташты.

COVID-19 табылганда окумуштуулар вирус эти Ухандагы базарда сатылган жарганаттардан тараган болушу мүмкүн деген теорияны карманып келген. Кийин вирус лабораториядан чыгып кеткени тууралуу гипотезалар айтылганы менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери аны тастыктаган эмес.

Жакында илдетке төрт киши чалдыкканы белгилүү болгондон кийин 12 миллион эл жашаган шаарда кайрадан карантин жарыяланды.

Соңку маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө вирус дээрлик 579 миллион кишиден аныкталган. COVID-19дан көз жумгандардын саны 6,5 миллионго жакындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG