Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Save the Children: "Талибан" бийликке келгенден бери ооган кыздарынын жашоосу талкаланды


Ооганстан.
Ооганстан.

Save the Children уюмунун 10-августта жарык көргөн баяндамасында “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) "бийликке келген бир жыл ичинде ооган кыздарынын жашоосу талкаланды" деген бүтүм чыгарылды.

Ага ылайык, Ооганстанда кыздардын төрттөн бир бөлүгү депрессияга батканы аныкталган. Жалпы балдардын 80% өткөн айда ачка жатышканын айтышкан. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар. Кыздардын 90% акыркы жылы тамак-аш жетишсиздигинен арыктап, керек болсо ойной албай калышканын билдиришкен.

Баяндамада секелектердин психикалык жана психосоциалдык абалы коркунучта экени белгиленет. Уюмдун сурамжылоосуна катышкан кыздардын көбү мектепке бара албаганына нааразычылыгын билдирип, келечегин көрө албастыгын айтышкан.

Ооганстандын көпчүлүк аймактарында 6-класстан кийинки кыздарга мектепке барууга тыюу салынган. Мартта кыздар үчүн билим берүү жайлары ачылып, бир күн окугандан кийин эле кайра жабылган. Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин "Талибан" кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG