Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:17

Президенттик аппаратта жаңы кадрлар дайындалды


Эрнис Толтоев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык, Эрнис Толтоев мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жээнбековдун дагы бир жарлыгы менен Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иштер боюнча бөлүмүн жетектей турган болду.

Эрнис Толтоев Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп иштеген кезде анын жардамчысы болгон. Бекбоев 2015-16-жылдарда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жетектеген. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG