Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Крымдагы аэродромдогу жарылуудан Орусиянын учактары жабыркады


Planet Labs спутниктен тарткан сүрөттөр.
Planet Labs спутниктен тарткан сүрөттөр.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы орус аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуулардын спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды. Аны Planet Labs компаниясы 10-августта тарткан.

Крым.Реалии сайтынын маалыматы боюнча, жарылуулардан Орусиянын аскердик аэродрому, анын ичинде Су-30СМ жана Су-24М бомбалоочу учактары жабыркаган. Спутниктен тартылган сүрөттөр көрсөтүп тургандай, кеминде тогуз учак, кампага окшош имараттарга зыян келген.

Буга чейин Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгы Новофедоровкада Орусиянын тогуз учагы жок кылынганын кабарлаган.

Planet Labs спутниктен тарткан сүрөттөр.
Planet Labs спутниктен тарткан сүрөттөр.

9-августта Крымдагы Орусиянын аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуудан бир адам каза болуп, бир нече киши жараат алган. Орусия аскердик объектке жакын жайгашкан үйлөрдөн 30дай киши эвакуация болгонун, жалпы 60тан ашык үй жабыркаганын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги аэродромдун кампасындагы бир нече авиациялык ок-дарылар жарылганын, бирок авиациялык техника зыянга учурабаганын маалымдаган. Украинанын Куралдуу күчтөрү Новофедоровкадагы аэродромдогу жардырууларга тиешеси бар экенин ырастаган жок.

Аскердик аэродром Орусия аннексиялап алган Крымдын Новофедоровка айылына жакын жерде жайгашкан. Ал Одессадан 250-260 чакырым алыстыкта. Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG