Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Крымда аскердик аэродромдогу жарылуудан жаракат алгандар бар


Саки аэродромунда болгон жарылуу.
Саки аэродромунда болгон жарылуу.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдагы Орусиянын аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуу боюнча маалымат берди. Мекемеден кабарлашкандай, аэродромдун кампасындагы бир нече авиациялык ок-дарылар жарылган. Андан беш адам жаракат алганы кабарланды.

“Аэродромдогу авиациялык техника зыянга учураган эмес. Өрттү өчүрүү жана жарылуунун себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат. Аэродромдогу ок-дарылар сакталган жайга өрт жеткен эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Аскердик аэродром Орусия аннексиялап алган Крымдын Новофедоровка айылына жакын жерде жайгашкан. Ал Одессадан 250-260 чакырым алыстыкта.

Анда негизинен Су-30СМ, Су-33 учактары жана Су-24М бомбалоочу учактарынан турган авиациялык полк бар.

Полк Украинадагы согушка катышып, өлкө аймагында ракеталык жана бомбалык соккуларды жасаганы маалымдалган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG