Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылат


"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.
"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.

Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө жайы жаңы терминалга көчүп жатканына байланыштуу 10-августта эртең мененки саат 9дан түшкү 1ге чейин жабылат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жарандарды жана автоунаа айдоочуларды сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. “Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан.

Андан эки өлкөнүн жарандары ары-бери каттап турушат. Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагы аркылуу башка мамлекетке кетишет, айрымдары бул жакта ар кандай жумуштарда иштешет.

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пункттарын жапкан. Чектөөлөр 2017-жылдын сентябрында алынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG