Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Ысык-Көлдө секелекке ыплас аракет жасоого шектүү кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгы тогуз жаштагы кызга ыплас аракет кылган деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалганын маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, 29-июлда жергиликтүү тургун анын тогуз жаштагы кызына адепсиз жорук жасалганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз киши кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, ыплас аракет кылганын, аны өтүп бараткан адамдар көрүп калганда качып кеткен деп айтып берген.

Милиция кызды суракка алган учурда аны токтоткон кишини сүрөттөп берген. Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 28 жаштагы тургуну кармалып, шаардык соттун чечими менен эки айга камалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул берене менен күнөөсү далилденгендер беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бүгүн Бишкектин четиндеги "Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шек саналып, 20 жаштагы жигит кармалды.

Расмий маалымат боюнча 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG