Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Беларустагы элдик толкундоолорго эки жыл болду


Минскинин Эгемендик аянтына чогулгандар. 23-август, 2020-жыл.
Минскинин Эгемендик аянтына чогулгандар. 23-август, 2020-жыл.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңип чыккан.

Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Оппозиция шайлоодо Светлана Тихановская жеңген деп эсептейт. Бийлик митингдерди күч менен басып, расмий маалыматка караганда, августтан ноябрь айына чейин 13 миңден көп адам кармалган.

Укук коргоо уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияга кабылды. Арасында журналисттер бар. Миңдей кылмыш иш козголгон.

Ушул тапта беларус түрмөлөрүндө саясий негиз менен 1231 киши отурат. Алардын арасында саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер бар. Лукашенко өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG