Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Мурдагы канцлер Шредер партиядан чыгарылбай турган болду


Герхард Шредер менен Владимир Путин.
Герхард Шредер менен Владимир Путин.

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Социал-демократиялык партиянын катарынан чыгарылбай турган болду. Мындай чечимди партиялык комиссия дүйшөмбү күнү кабыл алды.

Ага чейин партиянын айрым мүчөлөрү Герхард Шредерди Владимир Путин менен жеке достугу жана Орусиянын мамлекеттик корпорациясында иштегени үчүн партиядан чыгаруу сунушун берген.

“Шредердин аракеттеринде партиянын уставына жана принциптерине карама-каршылык жок. Ал Орусиянын Украинага агрессиясын колдогон да, актаган да эмес. Анын Путин менен болгон достугу - жеке жашоосу”, - деп айтылат маалыматта.

Мурдагы канцлерди кызматтан алуу сунушун Социал-демократиялык партиянын 17 райондук жана шаардык бөлүмү көтөргөн. Герхард Шредердин саясий уюмдан кетишин талап кылгандар анын Орусиянын жетекчилиги менен болгон тыгыз байланышы партиянын атын булгап жатат деп эсептешет.

Алар Герхард Шредер Берлинди Москва менен экономикалык жактан жакындатып, Германиянын Орусияга энергетикалык көз карандылыгын арттырууга салым кошкон деп айыптаган.

Шредер 1998-2005-жылдары Германиянын канцлери болгон. Кызматтан кеткенден кийин Орусияга байланыштуу долбоорлорго, анын ичинде Түндүк Агым газ кууруна катышкан. 2017-жылы Орусиянын мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал кызматтан быйыл май айында кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG