Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Журналисттерди коргоо комитети Res Publica басылмасынын сайтына бөгөт койбоого чакырды


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигинен Res Publica басылмасынын веб-сайтын калыбына келтирүү жана сөз эркиндигине коркунуч туудурган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 8-августта билдирүү таратты. Андагы маалыматка ылайык, 21-июлдан тарта Маданият жана маалымат министрлигинин талабы менен Кыргызстандагы интернет провайдерлер Res Publica басылмасынын сайтына бөгөт койгон. Буга басылма жазып чыккан «Манас» аэропортундагы коррупциялык аракеттер боюнча материалдардын биринин каарманы Асан Токтосуновдун жазган арызы себеп болгон.

Журналисттерди коргоо комитети быйыл кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын талабы алгач жолу Res Publica басылмасына колдонулуп жатканын белгилеп, кыргыз бийлигин бул жааттагы чечимдерди жокко чыгарууну талап кылууда.

Кыргызстанда 2021-жылы “фейктерге каршы” деп аталган“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Документтин авторлору жана бийлик мындай мыйзам керек экенин айтып, "фейктерге" каршы күрөшүү зарыл деген жүйө келтиришкен. Ага ылайык, өкмөткө "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилеген.

Res Publica өлкөдөгү орус тилиндеги коомдук-саясий басылма. Соңку жылдары басылманын интернеттеги сайты иш алып барат.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG