Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

ФБР Трамптын Флоридадагы резиденциясында тинтүү жүргүздү


Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясы.
Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясы.

Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Флорида штатындагы анын Мар-а-Лаго резиденциясында тинтүү жүргүзүп, жеке сейфин да ачканын жарыялады. Трамп бул учурда Нью-Йоркто жүргөн.

Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) бул билдирүүгө комментарий бере элек. Бирок америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, мурдагы президент Ак үйдөн ала кеткен документтер, анын ичинде жашыруун документтер тинтүүгө негиз болгонун жазышты.

Мыйзам боюнча алар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана АКШнын Улуттук архиви көптөн бери документтерди кайтарууну талап кылып келген. Алардын айрымдары кайтарылган. Бир нече ай мурун Улуттук архив Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Дональд Трамп документтерди толук бербей жатканын билдирген.

Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарын 2017-2020-жылдары башкарган. Ал 2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Жо Байденге жеңилип калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG