Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ: Украинада 80 миңге чейин орус аскерлери каза болуп же жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын 70-80 миң аскери каза болду же жараат алды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министринин орун басары Колин Кал билдирип, сөз согуштагы болжолдуу жоготуулар жөнүндө болуп жатканын айтты.

Колин Кал көп жоготууларга карабай Орусия Украинага басып кирген тапта президент Владимир Путин жарыялаган максаттарынын бирине да жете электигин белгиледи.

Июль айынын аягында АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бёрнс Орусия согушта 15 миң аскеринен айрылып, 45 миң жоокери жараат алганын кабарлаган. Ал украин тарапта салыштырмалуу курмандыктар аз экенин, “бирок бул эки өлкө үчүн тең олуттуу жоготуу” деген.

Москва менен Киев согушта курман болгондордун санын ачык жарыялабайт. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 25-мартта маалымат берип, 1351 аскер каза болуп, 3825и жараат алганын билдирген.

Украинанын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу бир да жолу маалымат берген эмес. Июнь айынын башында украин президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Украинада февралдан бери жалпысынан 10 миңдей адам курман болгонун айткан.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG