Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

"Сайт эки айга жабылат". Жол-жобосу так эмес талаштуу мыйзам


Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыкты. Ага ылайык, арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат жана жалган маалымат тараткан деген сайтты убактылуу жабуу менен алектенет.

Документ кабыл алынганына жарым жыл болсо да аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес. Жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сын-дооматына карабай кол коюлган мыйзамдын иштеп кетиши башында эле күмөн жараткан.

Арасат калган мыйзам

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесинин 7-пунктун аткаруу мөөнөтү март айынын аягына чейин узартылды. Буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги документке байланыштуу жобону иштеп чыгып, алымча-кошумчаларды киргизип жатканы негиз болду. Мыйзамдын бир беренесин гана аткаруу артка жылдырылды делген менен ал кабыл алынган жарым жылдан бери иштебей турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов анын негизги себептеринин бирин айтып берди.

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

“Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу үчүн жогоруда мамлекеттик органдардын макулдашуу жол-жобосуна жиберген сунуштарында айтылгандай, министрликте тийиштүү ыйгарым укуктар жок жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген эмес. Жобонун механизмин ишке ашыруу үчүн зарыл каржылык жана техникалык ресурстар жок, штаттык бирдиктер жок (эксперттер, адистер, теологдор, юристтер ж.б.) жана каралган эмес”.

Маданият жана маалымат министрлиги сунуштаган жобо боюнча арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл алат. Кызмат мыйзамдын аткарылышын кантип камсыз кылат жана ага техникалык мүмкүнчүлүгү жетер-жетпеси азырынча белгисиз.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келди деген адам биринчи сайттын ээсине же анын баракчасына чыккан маалыматты өчүрүү талабы менен кайрылат. Эгерде бул талап 24 сааттын ичинде аткарылбаса, ал сайтты убактылуу жабуу тууралуу өтүнүч берет жана анын негизинде соттун чечими жок эле сайт эки айга жабылат. Порталдын ээси жаңы сайт да, социалдык тармакта анын башка баракчасын да ача албайт.

Сайт жалган делген маалыматты өчүрүп, ишин чектелген мөөнөт бүткөндөн кийин улантса болот. Сот чечими менен ишин мөөнөтүнөн мурда жандантууга да укуктуу. Сайттын же баракчанын ээси кемчилигин мойнуна алып жалган деп табылган маалыматты өчүрсө, мамлекеттик органдын макулдугу менен интернет-провайдерлер сайтка коюлган чектөөнү алып коёт.

Сөз эркиндигине шек келтирген мыйзам

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындай ченемдерди сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалады.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Эгерде адамдын беделине, намысына зыян келтирилсе аны чечип алуу үчүн сотко кайрылса болот. Ушул эле механизм иштеш керек. Бирок бул мыйзам менен эч кандай соттук териштирүү жок эле ишти ыйгарым укуктуу органга берип коюшат. Кандай гана иш болбосун ал соттун чечими менен ишке ашыш керек. Сотто тараптар бирдей атаандаштыкта өз жүйөлөрүн келтириши зарыл. Бул мыйзам болсо жарандарга эмес бийликке керек болуп атат”.

Жарандык коом бул мыйзам өлкөдө сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга алып келет. “Медиа полиси институту” уюму кеңири анализ жүргүзгөн жана мыйзам Конституцияга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектейт деген тыянак чыгарган. Юрист Эржан Кайыпов да пикири менен бөлүштү.

Адамдын кадыр-баркына шек келтирилген учурда да мыйзам боюнча эч ким жазык жоопкерчилигине тартылбайт. Бирок кимдер бирөө жалган маалыматтын курмандыгы болсо ал сотко кайрылса болот. Бул адамдар өздөрү эле чечишип ала турган маселе. Болгону кимдер бирөөнү басмырлоодо анын улуту, жынысы, туткан дини жана башка белгилерине шек келтирбеш керек. Ошондой эле аларга карата зомбулук көрсөтүү чакырыктары болбошу зарыл. Ушундай чакырык болгон учурда да ага кимдер бирөөлөр азгырылып, кандайдыр бир иш-аракет болсо чара колдонулат”.

Эки президенттин колунан өткөн мыйзам

Тагдыры башынан эле талаш менен башталып, артынан кеп-сөз ээрчиткен мыйзамдын иштеп кетиши буга чейин эле бүдөмүк болуп жаткан. Документ бир эмес эки президенттин колунан өтүп, аты түп-тамырынан өзгөргөнү менен заты ошол эле бойдон калган.

Мыйзамдын аты башында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып Жогорку Кеңеш аны 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алып президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта документке каршы пикирин билдирип, долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны парламентке кайтарган.

2021-жылдын 2-июнунда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” деп өзгөртүлгөн. Ал 30-июнда парламенттен өтпөй калган. Бирок депутаттар 28-июлда документке кайра добуш берип колдошкон.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева автор болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирген. Мыйзамда сайт жана анын социалдык тармактардагы баракчалары тууралуу гана жазылган жана фейк аккаунттар тууралуу сөз жок.

Ильязбек Балташев.
Ильязбек Балташев.

“Адамдын кадыр-баркына шек келтирген фейк-аккаунттардын ишине бөгөт коюу туура эле. Ошол эле кезде “терс пикир жаздың” деп бирөөнүн IP-дарегин жаап койгон болбойт. Бул адамдын укугун чектегендик болуп саналат. Анткени Кыргызстанда көп жерде бир IP-даректе бир нече интернет колдонуучу отурат. Анын ишин токтотуп койсо башка да адамдар интернетсиз калат. Терроризм, экстремизмге чакырган материалдар чыкса аларга каршы иштеген атайын кызматтар бар. Бирок адамдын кадыр-баркына шек келтирди деген арыз болсо ал материал боюнча лингвисттер корутунду бериш керек. Бул жерде бир эле Маданият министрлиги иштебей тилчилерден, филологдордон, лингвисттерден түзүлгөн топ иштеш керек”, - деди маданият жана маалымат министринин мурдагы орун басары Ильязбек Балташев.

Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга да үндөгөн эле. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова иштеп-иштебеси арсар мыйзамды жокко чыгаруу сунушун берген.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Мыйзамды талкуулап кабыл алууда ал сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына каршы келет деп коомчулуктун сынына кабылган. Иш жүзүндө азыр бул документ иштебей жатат жана анын качандыр бир иштеп кетерине көзүм жетпейт. Өлкө үчүн репутациялык тобокелдиктер жагынан алып караганда да бул мыйзамды жокко чыгарып эле койгон жакшы. Себеби, аны ишке ашыруу механизмдери да жок”.

Кыргызстанда басма сөздүн тизгинин тартуу, кайсы бир макала же сөз үчүн басылмаларды жаап салуу, сотко берүү тажрыйбасы буга чейинки бийликтердин тушунда да болгон. Бирок андай ыкмалардын эч бири оң натыйжа бербегенин, тескерисинче, аткаминерлердин өзүнө каршы иштегенин Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев айтты:

“Журналисттердин куралы – сөз. Сөздү кандай колдонуу анын чеберчилигинен көз каранды. Ошондуктан, журналисттер да мыйзамдарды жакшы билиши шарт. Ал эми кайсы бир сайтты, басылмаларды жаап салуу үчүн мыйзам токуп чыгаруу туура эмес. Мындай ыкмалар Акаевдин президенттик доорунан бери уланып келатат, бирок эч бири өзүн актаган жок. Эч ким сабак албай жатат. Журналисттер өз кызматын аткара берет, бирок бийликке келгендер айланасындагы кошомотчылардын сөзүнө кирип эле сөз эркиндигине каршы аракеттерге бара берет. Бирок буга жол бербейбиз, күрөшөбүз”.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошуп миллиондогон айыпка жыккан учурлар бар. Акыркы күндөрү бир катар журналисттер баңги зат, чек ара чырына байланыштуу атайын кызматта сурак берип чыгышты.

Макаланы "Ак сөз" подкастынан угуңуз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG