Бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди.
Спортчуну "Манас" эл аралык аба майданынан Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Аскар Бекболотов жана күйөрмандары тосуп алды.
Мушкер Ысык-Көлдө машыгуу үчүн өз командасы менен келгенин, күзүндө өтө турган кезектеги беттешине даярданарын билдирди.
Дмитрий Бивол 31 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыккан. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, ал жактан машыгуусун уланткан. Бокс боюнча ышкыбоздор арасында жаштардын дүйнө чемпионатында коло байге (2008-ж.) жана Дүйнөлүк Универсиадада күмүш байге алган. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 20 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын уткан.
Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт. Ал 8-май күнү Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык атактуу мушкер Сауль Альварести утуп, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук наамын коргоп калган. Дал ушул беттештин алдында ал Кыргызстандын желегинин фонунда рингге чыккан. (GT)