Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Мектептерде дин тарыхын окутуу боюнча 2600 мугалим даярдалат


Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту 8-августтан тарта Бишкек жана Ош шаарларында “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагынын мугалимдерин даярдоочу тренерлерди даярдай баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Институттун директору Алмаз Токтомаметовдун айтымында, эки жума 73 тренер билим берүү мекемелеринин 2601 мугалимин окутат. Жеке менчик мектептерден мугалимдерин окутуу боюнча сунуштар түшкөн. Мугалимдерди окутуу оффлайн жана онлайн форматта жүргүзүлөт.

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта диндердин тарыхы окутула баштайт. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы базалык окуу планына киргизилет.

Билим берүү министрлиги диний сабатсыздык жаштарды радикализмге жетелеп жатканын белгилеп, бул сабактын окутулушу маанилүү деп эсептейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG