Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Орусия Ирандын спутнигин орбитага учурду


Орусиялык “Союз-2.1б” ракетасы. “Байкоңур” космодрому. 9-август, 2022-жыл.
Орусиялык “Союз-2.1б” ракетасы. “Байкоңур” космодрому. 9-август, 2022-жыл.

Орусиялык “Союз-2.1б” ракетасы 9-августта “Байкоңур” космодромунан Ирандын спутнигин орбитага ийгиликтүү учурду. Москва бул спутникти Украинадагы аскердик объектилерди көзөмөлдөөнү жакшыруу үчүн колдонушу мүмкүн деген маалымат тараган.

Washington Post гезити өткөн аптада АКШ Орусия менен Ирандын ортосундагы жаңы космостук кызматташууга тынчсызданып жатканын жазган. Спутник Орусияга Украинадагы согушта эле жардам бербестен, Иранга Израилде аскердик буталарды көзөмөлдөө үчүн мүмкүнчүлүк түзөт деп болжолдонууда.

Тегеран спутник илимий изилдөөлөргө, анын ичинде айыл чарба максаттары үчүн экологиялык радиацияга мониторинг жүргүзүүгө багытталганын жана ал чогулткан маалыматка башка бир да өлкө кире албай турганын билдирди.

Орусия февраль айында Украинага согуш ачкандан кийин Иран менен алакасын тереңдетүүгө аракет кылууда. Өткөн айда президент Владимир Путин Иранга иш сапары менен барды. Бул анын согуш башталгандан берки мурдагы Советтер союзунан тышкаркы өлкөгө жасаган биринчи сапары болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG