Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Крымда аскердик аэродромдун жанында жардыруу болгону кабарланды


Саки аэродрому. Архивдик сүрөт.
Саки аэродрому. Архивдик сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Орусиянын аскердик Саки аэродромунун жанында бир нече жардыруу болгону кабарланды.

Бул тууралуу күбөлөр айтып, окуянын видеолору чыкканын Крым.Реалии сайты жазды. Аэродром Крымдын Новофедоровка айылына жакын жерде жайгашкан. Ал жерде ок-дары сакталган кампалар күйүп жатканы айтылууда.

Жардыруу эмнеден улам болгону белгисиз. Аскердик аэродром Одессадан 250-260 чакырым алыстыкта ​жайгашкан.

Аэродромдо негизинен Су-30СМ, Су-33 учактары жана Су-24М бомбалоочу учактарынан турган авиациялык полк бар. Полк Украинадагы согушка катышып, өлкө аймагында ракеталык жана бомбалык соккуларды жасаганы маалымдалган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG