Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Адвокат: Викрам Рузахуновду казак прокуратурасы чакыра элек


Викрам Рузахунов
Викрам Рузахунов

Казакстандын укук коргоо органдары кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду тергөө иштери үчүн чакыра элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Адвокаттын айтымында, казак укук коргоо органдары Рузахуновдун байланыш номурларын билишет. Бирок июнь айынан бери байланыша элек.

Токтакунов казак прокуратурасы чакырса музыкант көрсөтмө берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Июль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырып, маалымат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган. Анда 2022-жылдын 10-февралынан тартып Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") музыкантты кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон. 19-февралда тергөө Рузахуновду жабырлануучу деп тааныган.

Быйыл январда Казакстандагы нааразычылык акциялары маалында Викрам Рузахунов Кыргызстанга келаткан маалда коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалып, сабалган. Анын видео кайрылуусу чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жаракат алганын тастыкташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG