Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Бучанын бийлиги: шаарда баш-аягы 458 жайкын тургун набыт болгон


Буча шаарында мерт болгон адамдардын сөөктөрү. 12-апрель, 2022-жыл.
Буча шаарында мерт болгон адамдардын сөөктөрү. 12-апрель, 2022-жыл.

Киевдин жанындагы Буча шаарын орустар оккупациялап алган маалда набыт болгон 458 карапайым адамдын 419у окко учкан же кыйноодон каза болгон. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Михайлина Скорик-Шкаровская басма сөз жыйынында билдирди.

Ал сөөктөрдүн көбү көчөдө чирип кеткенин, айрымдары “гигиеналык себептерден же кыйноонун белгилерин жашыруу үчүн өрттөлгөнүн” айтты.

Каза болгондордун арасында 366 эркек жана 86 аял бар. Анын тогузу балдар болгон. Дагы беш сөөктүн жынысын аныктоого мүмкүн эмес. Каза болгондордун ичине адамдын денесинин калдыктары салынган баштыктагы сөөк да кошулган. 50гө жакын сөөк ким экени аныкталбай дагы деле өлүкканаларда сакталууда.

Орусия 24-февралда Украинага согуш ачкандан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши май айында орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын кабарлаган. Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет.

Москва айыптоолорду четке кагып, Украинадагы жөн-жай тургундарды бутага албаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG