Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Айзаданын өлүмү боюнча кенемте берүү маселеси сотто каралат


Айзаданын уурдалган учуру видеокөзөмөлгө жазылып калган.
Айзаданын уурдалган учуру видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу анын жакындарына кенемте төлөө боюнча иш 10-августта Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” маалымдап, кенемтенин өлчөмүнүн аз экенине нааразы болду.

“Кенемте боюнча арыз бергем. Мыйзамда кенемте төлөп берүүчүнүн ар биринин суммасы 100 миң сомдон ашпасын деп айтылган экен. Бул сумма боюнча өзүнчө маселе. Ал эми бул жерде соттор жабырлануучуга төлөнчү кенемте 100 миң сомдон ашпашы керек деп карап жатышат. Анда соттолгон беш кишиге 20 миң сомдон бөлүнүп калат экен”, - деди жактоочу.

Токтакуновдун билдирүүсү боюнча соттон азырынча жооп боло элек.

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө бир жылдан ашты. Айзаданын апасы Назгүл Шакенова чырактай кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылып келет.

ИИМдин жетекчилери кызматкерлер тийиштүү жазасын алганын бир нече жолу билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG