Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

ТИМ жаңы паспорттун Орусияда текшерилип жатканын териштирүүдө


Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттун сырткы көрүнүшү.
Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттун сырткы көрүнүшү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Шереметьево” аэропортундагы чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жаңы үлгүдөгү биометрикалык кыргыз паспорту кошумча текшерилип жатканы тууралуу кабарларды иликтеп жатканын билдирди.

“Кыргыз Республикасынын жаңы биометрикалык паспорту 2021-жылы киргизилгенин, белгиленген тартипте чет мамлекеттерде легалдаштыруу жол-жоболорунан өткөнүн жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына туура келгенин маалымдайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор Орусиянын аба майданындагы чек ара бекеттеринде кошумча текшерилип жатканын жазып чыгышкан.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү Кыргызстанда 2021-жылдын май айынан бериле баштаган. Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун негизги артыкчылыгы - 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар, паспорттун сыртында электрондук чип орнотулган жана жарандын жеке маалыматтары лазердик технологиялар менен жазылган.

Ага чейин жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болбогондуктан, АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG