Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Ошто билимге умтулган кыздын иллюстрациясы тартылды


Бүгүн, 11-августта Ош шаарынын Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына билимге умтулган жаш кыздын сүрөтү тартылган илюстрациянын ачылышы болду.

Анда "Ош билим алууга тең мүмкүнчүлүк" деп жазылган. Демилге Youth of Osh коомдук жаштар уюмуна таандык.

"Соңку кездери Кыргызстанда жаш кыздар менен байланышкан көп окуялар болуптур. Ошондон улам кыздар дагы билимге тең мүмкүнчүлүгү болсун деген маселени көтөрүп, көптөгөн сүрөтчүлөр, эксперттер менен талкуулап ушундай сүрөт пайда болду. Бул сүрөттө жаш кыз билимге умтулуп жатат. Кыздар көбүнчө гуманитардык адистикке ээ болушат. Кыздар деле техникалык билим алышса болот деген мааниде ар түрдүү илимдердин иллюстрациясын чагылдырдык"-, деди уюмдун өкүлү Айжан Сатинбай кызы.

Сүрөттү сүрөтчү Вера Андрянова эки жумада тарткан. (ArN)

XS
SM
MD
LG