Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

12-августтун аба ырайы: сел жүрүү коркунучу сакталууда


Суусамыр өрөөнү.
Суусамыр өрөөнү.

11-12-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Кыргызгидромет маалыматы боюнча, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31,

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүз 32…34°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG