Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ишкер Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияга жеткирилгени кабарланды


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунан машинесинен жардыруучу зат табылды деп айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын жанында жүргөн Ырыс Жекшеналиев аттуу жаран Фейсбукта кабарлады.

Милиция бул маалыматты тактаган дагы, төгүндөгөн дагы жок. “Азия Моллдон” жардыруучу зат тууралуу толук маалымат бир аздан кийин болорун билдирди. Айрым жергиликтүү сайттар булактарына таянып машинеден граната табылганын жазып, видеосун жарыялап жатышат.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн маалымдаган. Соода борборго ыкчам-тергөө топ келип, жарандар сыртка чыгарылган.

Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын айткан. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG