Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Тажикстанда тыюу салынган диний партия БУУга кайрылды


“Ислам кайра жаралуу” партиясынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.
“Ислам кайра жаралуу” партиясынын кеңсеси. Архивдик сүрөт.

Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы болууну өтүндү.

11-августта партиянын төрагасы Мухиддин Кабири БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештен Орусиядан мындай чечимди кабыл алуудан карманууну талап кылууну суранды.

Ал бул чечим Тажикстанда тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотууга каршы келерин, тажик оппозициясынын ондогон мүчөлөрүнө жана тарапташтарына кедергисин тийгизерин билдирген.

БУУ “Ислам кайра жаралуу” партиясынын кайрылуусуна азырынча жооп бере элек.

26-июлда Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Орусиядагы айрым уюмдарды террордук деп таануу маселеси каралып жатканын айткан.

Тажикстандын өтүнүчүнө карабай, КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Орусия жети жылдан бери “Ислам кайра жаралуу” партиясы боюнча чечим кабыл ала элек. Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган диний партияны өлкөнүн Жогорку соту 2015-жылы террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG