Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Баткен: жайлоого мал айдап кеткен чабан бир нече күндөн бери табылбай жатат


Жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда бир чабандын дайыны бир нече күндөн бери чыкпай жатканын билдирди.

Ага ылайык, Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну 7-августта Догмон жайлоосу аркылуу Кишемиш жайлоосуна мал айдап кеткен. Ошондон бери табылбай жатат.

Аталган министрлик чабанды тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан турган топ издеп жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG