Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Батыш Украинага дагы 1,5 млрд. еврого аскердик жардам берүүнү убада кылды


Копенгагенде өткөн конференция.
Копенгагенде өткөн конференция.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Украинага аскердик жардам катары дагы бир жарым миллиард евродон ашык каражат бөлүүнү убада кылды. Бул тууралуу Копенгагенде 26 өлкөнүн коргоо министрлеринин конференциясында айтылды.

Бул каражат курал-жарактарды, ракеталарды жана ок-дарыларды жеткирүүгө, Украина үчүн курал өндүрүүнү көбөйтүүгө, украин аскерлерин окутууга жана Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймактарды миналардан тазалоого жумшалат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу Батыш өлкөлөрүндөгү союздаштарына кайрылып, каражат жана ок-дарыларды берүүнү суранды.

“Орусияны канчалык эрте токтотсок, өзүбүздү ошончолук коопсуз сезебиз. Коргонуу үчүн бизге курал жана ок-дары керек”, - деди Зеленский.

Польшанын, Словакиянын жана Чехиянын коргоо министрлери Украина үчүн артиллериялык системаларды, ок-дарыларды жана башка аскердик техникаларды чыгарууну көбөйтүүгө даяр экенин билдиришти. Улуу Британия бир нече ракета аткычтар жана 80 чакырымга чейинки буталарды атууга жөндөмдүү M31A1 так башкарылуучу ракеталар үчүн кошумча 300 миллион евро бөлүүнү убада кылды.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келатат. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын ийгиликтүү пайдаланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG