Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Жалал-Абад: кытай адистери темир жол курулчу тилкелер менен таанышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 12-августта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында Кытайдан келген адистер менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, 40 адамдан турган топ аталган облуста темир жол курулчу тилкелер менен таанышат. Сыргабаев алар чалгындоо иштери менен жүргөндө такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерин ар тараптан жардам берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин аталган долбоордун алкагында Кытайдан 80дей адис келгени кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 30-июлда Бишкекте Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууда темир жол долбооруна сентябрда Өзбекстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)саммитинде кол коюуну сунуштаган. Ван И Бээжин үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгонун билдирген.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG