Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Каржы министрлиги шылуундардан сак болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Финансы министрлиги социалдык тармактарда алардын атынан инвестициялык платформа ишке киргендиги жөнүндө жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Сак болгула - бул шылуундар. Аларга банк картаңыздын маалыматтарын, электрондук почтаңызды ж.б. жөнөтпөңүз”, - деп айтылат билдирүүдө.

10-августта Улуттук банк учурда социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан "кайрылгандардын баарына 10 миң сом өлчөмүндөгү грант берилет" деген жалган маалымат тарап жатканын эскерткен. Анын алдында мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин аялы Айгүл Жапарованын атынан фейк баракча ачылганын, андагы каржылык ар кандай иш-чараларга ишенбөөгө чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG