Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:56

2023-жылдын башында Орусияда мунай өндүрүү 20% азаят


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында орус мунайынын Европага өтүшүнө тыюу салынгандан кийин Орусия кийинки жылы мунай өндүрүүнү 20% азайтат. Ушул тапта Орусия мунайды суткасына 3% аз өндүрүп жатат.

Бул тууралуу Bloomberg жана The Guardian басылмалары Эл аралык энергетикалык агенттикке (IEA) шилтеме берип жазды. Агенттик Орусия июль айында күнүнө 10,8 миллион баррель мунай өндүргөнүн жана бул Украинага кол салганга чейинкиге салыштырмалуу 0,31 миллион баррелге аз экенин билдирди.

Орусиянын мунай жана газ экспортуна санкциялар киргизилгенден кийин Европага, АКШга, Жапонияга жана Түштүк Кореяга мунай ташуунун көлөмү суткасына 2,2 миллион баррелге чейин азайган. Бирок мунай менен газды Индия, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөргө ташуу Орусиянын ички көйгөйлөрүн бир аз жеңилдетти.

Европа Биримдиги 2022-жылдын 5-декабрынан баштап Орусиядан мунай сатып алууну мүмкүн болушунча кыскартып, эки айдан кийин мунай импортун толук токтотууну пландап жатат.

Евробиримдик Орусия Украинага согуш ачкандан кийин алты айдын ичинде ага каршы санкциялардын жети пакетин кабыл алды. Бирок аларда газ эмбаргосу жок. Орусия өзү Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнө газ берүүнү токтотту. Айрым мамлекеттер өздөрү баш тартты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG