Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Жетим-Тоо маселеси: блогер кармалды, Сегизбаев сурак берди


УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев. Коллаж.
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев. Коллаж.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Жетим-Тоо кени боюнча пикири айтылган эски видео үчүн милицияга сурак берди. Ушул эле тасманы Фейсбукка жарыялаганы үчүн "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 14-августта сурак бергенин билдирди. Анда суроолор Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу пикирин айткан видео боюнча берилген.

"Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын айтты. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын билдирди. Учурда тергөөгө тиешелүү бардык аракеттер көрүлүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Министрлик Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин кармалганын да ырастады. Маалыматта Сегизбаевдин пикири камтылган эски видеону Фейсбукка жүктөөдө Жекшеналиевдин "так эмес маалымат таратуу кызыкчылыгы жана Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу аракети болгону" айтылат.

"Аталган жагдайда кылмыштын курамы болгонуна байланыштуу Кылмыш-жаза Кодексинин 278-беренесинин ("калайман баш аламандык") 3-пунктуна ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө".

Сөз болгон видео Абдил Сегизбаевдин аты менен ачылган ютуб каналга 2020-жылы 25-декабрда, өткөн президенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү маалында жарыяланган. Анда Сегизбаев коңшу өлкөнүн бирине болгон карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоо кенин казып, сыртка сатуу аракети болуп жатканын айтып, буга жол бербөөгө чакырык жасаган.

"Видеонун чыкканына эки жыл өткөндөн кийин бийлик бул боюнча маселеге эмнеге кайрылып жатканын билбейм. Абдил Кеңешевичтин (ред: Сегизбаев) оорусу олуттуу, ага азыр тынчтык керек", - деп Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева "Азаттыкка" билдирди.

Ырыс Жекшеналиевдин кармалышы боюнча 14-августта кечинде социалдык тармактарда билдирүүлөр тарап, анын бошотулушун талап кылгандар да болгон. Мыйзам боюнча кармалгандан кийин 48 саат ичинде сот анын бөгөт чарасын аныкташы керек.

"Полит Узник" фейсбук баракчасында 5 миңден көп катталуучусу бар. Ал жакка актуалдуу болгон маселелер боюнча саясатчылардын, жарандык активисттердин жана блогерлердин пикирлери чыгып турат.

Жетим-Тоонун тегерегиндеги талкуу: президент үн катты

Президент Cадыр Жапаров 14-августта Жетим-Тоо кенинин айланасында болуп жаткан талкуу боюнча Фейсбук аркылуу пикирин билдирген. Анда өткөн президенттик шайлоодо “Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды жаап коет” деп айткан сөзүн эске салып, бирок Жетим-Тоону азыр иштетүү планы жок экенин белгилеген.

“Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коелу деп, "Кыргызгеология" кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет”, - деди С.Жапаров.

Мамлекет башчы “эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула” деп эскертти. Укук коргоо органдарына “жалган патриоттор, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматты таратып жатышат?” деп жазган.

Акыркы аптада айрым активисттер жана журналисттер Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп социалдык тармактарда пост жазып, анысы кызуу талкууга түштү. Ошол эле маалда кенди иштетүүгө каршы чыккандар да активдүү пикирлерин билдирип жатат. Алардын бири, жарандык активист Улан Үсөйүн кенди казууга чейин мамлекеттик системада бир топ өзгөрүүлөр болушу керек деген ойдо.

11-августта Бишкектеги "Азия Молл" соода жайында жеке ишкер Илгиз Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын билдирген. Милиция бул боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатканын айткан. Шаменов ички иштер органдарына көрсөтмө берип чыккандан кийин бул окуяны "Жетим-Тоону иштетүүгө каршы позициясы үчүн аны коркутуу аракети болушу мүмкүн" деген пикири менен бөлүшкөн.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Жетим-Тоодогу кенди иштетүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме түзүлө электе аны талкуулоого эрте экенин Фейсбукка жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттык" менен болгон маегинде, Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

"Жетим-Тоо эки миллиард долларга чейин киреше берчү кен. Биз чийки затты сатпай, метал чыгарган завод да куралы деп жатабыз. Теңгиз Бөлтүрүктүн чакыруусу менен чет өлкөдөн 15-20 жакын адис келди, алар бизнес долбоорлорду даярдап жатат", -деген Жапаров.

Бул кенге байланыштуу маселе акыркы 10-15 жыл ичинде улам-улам көтөрүлүп келет. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин коомчулукта талкуу кайра жанданды. Ошол кезде өкмөт башчынын жана президенттин милдеттин аркалап баштаган Садыр Жапаров бул жөнүндө 14-ноябрдагы басма сөз жыйынында кеп козгогон.

Ал Кытай мамлекетине төлөнчү карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоо кенин чийки зат бойдон берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Жапаров кен өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган эле.

Ага карабай бул жагдай эл арасында, социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштап, анын ичинде бир катар саясатчылар Садыр Жапаровду сындап чыккан.

Жетим-Тоонун таржымалы

Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда анын уулу Максим кенди иштетүүгө 300 сомго лицензция алып, анын 80% кытайлык "Арт Майнинг" компаниясына 25 миллион долларга сатып жиберди деген маалымат тараган.

2010-жылы бийлик алмашканда Кытай компаниясына берилген бул лицензия жараксыз деп табылган. 2012-2013-жылдары кытай компаниясы сотко берип, лицензиясын кайтарып алуу аракети болгон. 2016-жылкы соттошууларда Жетим-Тоону иштетүүгө берилген лицензия мамлекетке кайтарылган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ал кездеги парламент депутаты Өмүрбек Текебаев бул жөнүндө өзүнчө белгилегени бар.

"Кыргызстандагы, керек болсо дүйнөдөгү эң ири кендердин бири Жетим-Тоого лицензияны 2009-жылы Бакиевдер өздөрүнө 300 сомго алып койгон. Ошол фирманын 80% Максим Бакиев кытайлык компанияларга 20 млн. долларга сатып жиберет. Өзү болгону 20% алып калат. Анан кытайлык компания кенди иштетип баштаганда, 2009-жылы нарындыктар, жетиөгүздүктөр көтөрүлүп чыгат. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр, ошонун ичинде биз "Ата Мекен" партиясы да каршылык акциясын колдоп чыкканбыз. Бирок элди бакиевчилер тоготкон эмес. Жетим-Тоонун запасы 5-6 млрд. тонна темир, мунун баасы 80-100 млрд. доллар. Кумтөрдөн да чоң. Ушундай байлыгыбызды Максим Бакиев 300 сомго алып, чет элдиктерге арзан карматып жиберген. Бул коррупция, тоноо экендигин бүт эл көрүп, кыйкырып турду" , - деген Текебаев.

Убагында Жетим-Тоонун кытайлык компанияларга берилишине каршы Бишкекте жана Нарында бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Жетим-Тоонун картадан көрүнүшү. Google Maps сервисинен алынган скриншот.
Жетим-Тоонун картадан көрүнүшү. Google Maps сервисинен алынган скриншот.

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен 1956-жылы ачылган.

Кытай менен чектешкен жердеги бул тоодо темирдин запасын жаткан кендин узундугу 70 чакырым, туурасы 10 чакырым деп эсептелген. Тоо-таштын курамынын 15-46% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Соңку геологиялык божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Бул көрсөткүч деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин ири запасын камтыган кендердин катарына кошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG