Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

Нарындын башчысы алмашты, Жетим-Тоону иштетүү маселеси көтөрүлдү


Жетим-Тоо кыркалары. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июлда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп жаңы дайындалган Алтынбек Эргешовду жамаатка тааныштырып жатып, аймактагы кендер иштетилерин билдирди.

Ал Жетим-Тоо тууралуу да кеп кылды.

“Биз экологияны буза турган бир дагы долбоорго жол бербейбиз. Бирок кендерди иштетебиз. Кыргыздын экономикасынын пайдасына, келечек үчүн, балдарыбыз Кыргызстандан кетип калбашы үчүн экологияны бузбай, акыл-эс менен иштетебиз. Кудай берген топурактын арасындагы кендерди Кыргызстандын келечегине, бүгүнкү күн үчүн дагы иштетебиз”.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматта Акылбек Жапаров жаңы келген президенттин өкүлү Нарынды өндүрүш-энергетикалык аймакка айлантат деген ишеничин айтканы жазылган. Жапаров өрөөндөгү Жетим-Тоо жана Сандык кендери тууралуу да кеп кылган.

4-июль, 2022-жыл. Нарын шаары. Акылбек Жапаровдун Алтынбек Эргешовду (оңдон биринчи) жамаатка тааныштырган учуру.
4-июль, 2022-жыл. Нарын шаары. Акылбек Жапаровдун Алтынбек Эргешовду (оңдон биринчи) жамаатка тааныштырган учуру.

"Нарын кендерге бай аймак, Кара-Кечеде көмүрдүн 850 млн. тонна кору бар. Мындан сырткары Жетим-Тоо, Сандык кендери да турат, өрөөнгө 32 ГЭС курса болот. Нарынды өндүрүш-энергетикалык аймакка айлантуу боюнча мурунку жетекчинин демилгелерин жаңы дайындалган жетекчи ишке ашырат деген ишеничтемин".

Акылбек Жапаров быйыл апрель айында "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн киреше башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк кенди иштетүүгө кеминде 2 миллиард доллар керектигин айткан жайы бар.

Жарандык активист Улан Үсөйүн өткөн дем алыш күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жетим-Тоого чогуу барганын айтты. Ал жерде кенди иштетүүгө байланыштуу сөз козголгон.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

“Байсалов менен Жетим-Тоонун оозу деп эсептелген Кең-Саз деген жайлоодон сүйлөштүк. Ал кенди казабыз деген оюн айтты. Мен ага эл каршы экенин айтып, бир нече аргументтерди келтирдим. Байсалов “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги эмес, башка, жаңы мамлекеттик ишкана түзүлөрүн, кенди ошол мекеме иштетерин айтты. Анын презентациясы быйыл күзүндө болорун билдирди. Ошондой эле ал кен элге байлык алып келет деп бир топ дымактуу пикирлерин айтып жатты. Тилекке каршы, мен азыркы бийликтин жасап жаткан иштерин көрүп, айтылган сөздөр жүзөгө ашарына ишенбейм. Анткени күмөн жараткан учурлар көп”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жетим-Тоого жакын жайгашкан аймакка эс алууга барып, сөз арасында кен тууралуу кеп болгонун белгиледи.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Жергиликтүүлөр кыргыздын байлыгы Кыргызстандын, анын ичинде өздөрүнүн балдарынын келечегине иштешине каршы эместигин айтышты. Алар "жаратылыш булганбайбы, байлыкты чет өлкөлүктөр ташып кетпейби, шылуундар аралашпайбы" деген суроолорду беришти. Президент Садыр Жапаров кенди 100% мамлекеттин ишкана иштетет деп айткан. Пайдасын Кыргызстан көрүп, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске аланат деп убада берген. Азырынча биз эч нерсени алдын ала айта албайбыз. Бирок ошол жерде жашаган элдин колдоосуна муктажбыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл менен ийри отуруп, түз кеңешебиз".

Жетим-Тоону иштетүү демилгеси 2000-жылдардын башынан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Президент Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда кенде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Ал мындан туура бир апта мурда Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесине барган. Жапаров эл менен жолугуп, ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын айткан.

Бирок жергиликтүүлөр кендерди иштетүүгө караманча каршы экенин айтып келишет. 2020-жылы Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлгөн. Анын жетекчиси, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун Фейсбуктагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын жарыя кылган.

Кен жайгашкан аймактын жанындагы Эки-Нарын айылынын тургуну Улан Орозалиев буларды айтты:

“Бир ай мурда биздин аймактан төрт кило алтын казабыз деп жеке ишкерлер келди. Экологияны талкалайт деп аларга каршы чыктык. Эми Жетим-Тоо иштетилсе, биздин айыл жок болуп кетет го. Биздин айылда миңге чукул киши жашайт. Бизди өлүп калса эч нерсе болбойт деп кенди иштете берсе билбейм, анда. Биз ичкен суу ошол жерде. Суубуз булганса, жашообуз токтойт".

Саясатчы Жеңиш Молдакматов Жетим-Тоонун иштешине каршы болуп, социалдык тармактарга пикирин байма-бай билдирип келген. Ал Нарындагы соңку кадрдык алмашуулардын кен казууга тиешеси болушу мүмкүн дейт.

Жеңиш Молдакматов
Жеңиш Молдакматов

“Жетим-Тоо 2009-жылы ачылат деп айтылган. Ошол кезде Максим Бакиев кенди кытайларга берип койгонун билебиз. Анда Нарынды Өмүрбек Суваналиев жетектеп турган. Ал каршылыгын билдиргенде анын ордуна Тынчтыкбек Чекиев деген кишини губернатор кылып алып келбеди беле. Ал күчкө салып, Жетим-Тоону кытайларга беребиз деп жүрбөдүбү. 2010-жылы революция болуп кетип, Жетим-Тоо темасы жабылган. Кийин Чекиевди өз үйүнөн өлтүрүп кетишти. Окуяны Жетим-Тоого байлап жүрүштү. Азыркы окуя да ошону эске салып жатат. Иштен кеткен Сабыркул Ашимбаев өзү нарындык. Ал Жетим-Тоо боюнча чечим кабыл алганга батынбай койгон сыяктуу. Алтынбек Эргешов болсо Бакиевдер менен чогуу иштешкен. Жетим-Тоо темасын жакшы түшүнөт”.

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы кен союз учурунда, 1956-жылы аныкталган.

Кытай менен чектешкен жердеги аймактагы кендин 15,4-46,3% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтын жана башка кендердин кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темирдин 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Ушул сумма деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин чоң запасын камтыган кендердин катарына кошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG