Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Президент Солтон-Сары кенинин маселеси изилдөөдөн кийин чечилерин билдирди


Садыр Жапаров. Солтон-Сары. 27-июнь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров. Солтон-Сары. 27-июнь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров эл менен жолугуп, ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Жергиликтүү эл президентке экология маселесин айтышкан.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Ал эми жалпы баалуу металлдын кору 22 тонна деп эсептелет.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. 2019-жылы кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700дөй жергиликтүүлөр анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. 7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Президент Садыр Жапаров Солтон-Сарыдагы 1994-жылдан баштап Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан “Солтон-Сары кени” ишканасына дагы барды. Ал мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасына таандык. Анда Жапаров “Кыргызалтын” ишканасына өлкө аймактарындагы башка кендерди дагы иштетүү үчүн тапшырма берди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG