Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Райондук сот Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы боюнча жооп берди


Фарид Ниязов. Архив сүрөт.
Фарид Ниязов. Архив сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын убагында президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы 18-августка чейин узартылганын билдирди. Ниязовдун ден-соолугуна байланыштуу жактоочуларынын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүнүн четке кагылганы боюнча сот "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

“Иш боюнча соттук териштирүү баштала элек болчу, жабырлануучулар, күбөлөр, айыпталуучулар суракка алынган эмес. Жазык ишинин материалдары изилдене элек болчу. Ошондуктан айыпталуучуга карата бөгөт чарасын өзгөртүү ишти териштирүүнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта айыпталуучулар тергөө органдары тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталып жатканы жана жоопкерчиликтен качып кетиши мүмкүн экени белгиленген.

24-июнда Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун саламаттыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын абалы оор экенин, ден соолугу барган сайын начарлап жатканын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканын белгилеген.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Кой-Таш жана 2020-жылдын октябрындагы окуялар боюнча кармалгандар арасынан азыр абакта Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана калды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG