Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссияга мурдагы акыйкатчыны угуу сунушталды


Марат Казакпаев, Бакыт Асанбаев.
Марат Казакпаев, Бакыт Асанбаев.

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссиянын кезектеги жыйыны бүгүн, 27-июнда түштөн кийин уланат.

Комиссиянын мүчөсү “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова күн тартибинде маркумдардын ишин караган тергөөчүлөрдүн маалыматын угуу бар экенин билдирди. Укук коргоочунун айтымында, акыйкатчы кезинде Казакпаев менен жолугуп чыккан Токон Мамытовду чакырып, маалымат алуу дагы сунушталууда.

Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу 2021-жылы 20-октябрда кызматын тапшырган. Ал 2018-жылдан бери акыйкатчы болуп иштеген. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов Казакпаев менен жолуккан учурда тергөө менен кызматташууга барарын айтып бергенин “Азаттыкка” маалымдады. Ал азырынча комиссиядан чакыруу келбегенин айтты.

24-июнда Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу акыйкатчынын эки орун басары Альберт Колопов менен Гүлнара Жамгырчиева кызматынан убактылуу четтетилген.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде атайын кызматтын тергөө абагындагы эки өлүм боюнча айтып жатып , “аларды “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн” деп билдирди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG