Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Кудук казып жатып үч киши каза болуп, экөө ооруканага түштү


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Токмоктун Жантаев көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жаткан үч киши каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканада жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тереңдиги 18 метрлик кудуктан аба жетпей калган.

“Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей бир адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жабыркагандар учурда Токмок шаардык ооруканасында жатышат. Азырынча милиция үч адамдын өлүмү боюнча маалымат тарата элек.

Кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метр болгон. ӨКМ кызматкерлерине күбөлөр кудук казып жаткан учурда дизелдин жыты болгонун айтып беришкен. Кудуктун жанында күйүүчү май сактаган база жайгашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG