Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Киев кайрадан ракеталык аткылоого кабылды


Киев. 2022-жылдын 26-июну.
Киев. 2022-жылдын 26-июну.

Бүгүн 26-июнда Украинанын борбору Киевдин калктуу кварталдарынын бири орус аскерлеринин ракеталык аткылоосуна кабылып, кеминде беш адам, анын арасында жети жаштагы кыз жараат алышты. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Черкассы шаарында да жарылуулар болду.

Орус аскерлеринин бул чабуулдары украин армиясы Северодонецк шаарындагы айыгышкан жана узак салгылашууга карабастан ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун расмий билдирип, орун которуп, тактикасын өзгөртүүгө өткөн учурда жасалды.

Кезектеги түнкү кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Орусия басып алып жаткан шаарларды сөзсүз кайтарып аларын айтып, өлкө өнөктөштөрдүн жардамына муктаж экенин билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери анын толук талкаланган Мариуполдон кийинки чоң жеңиши Северодонецк болуп калды. Шаардын жетекчилиги ал жакта 10 миңдей жайкын тургун бар экенин, орус тарап өз комендантын дайындап жатканын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG