Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Көмүскөгө көчкөн ичимдик соодасы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бишкектеги дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктердин баасы 30% чейин өстү. Өкмөт алкоголь өндүрүүчү ишканалар көмүскөгө көбүрөөк кирип, салыктан качып жатканын билдирүүдө.

Буга байланыштуу өкмөт алкоголь соодасын мыйзамдуу жолго чыгаруу үчүн текшерүү жана көзөмөлдү күчөткөн. Ал эми тармактын өкүлдөрү салык улам өсүп, текшерүү жүдөтүп жатканын даттанууда.

"Ичимдиктердин 25% жасалма"

17-июнда Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы "Дордой Foods" базарынын аймагынан күмөндүү акциздик маркалар менен сакталган алкоголдук продукцияны табышканы жарыяланды. Билдирүүгө ылайык, кампадан "Аю" жана "Бишкек Алко пром" компаниялары чыгарган 4800 бөтөлкө ичимдик алынган.

Салыкчылар 20-июнда да Ош шаарында контрафакттык алкоголдук өндүрүмдөр сакталган кампаны табышкан. Кампада күмөндүү акциздик маркалар менен "Балыкчы Алко трейд" фирмасынын 17 миңден ашуун бөтөлкө ичимдиги алынганы кабарланат.

Салык кызматы буга чейин да рейд өткөрүп, дүкөндөрдө жана базарларда сатылып жаткан ичимдиктердин 25% жасалма арак экенин аныкташкан.

Аткезчиликтин көбөйүшүнө алкоголдук ичимдиктердин баасынын өсүп жатышы себеп болуп жатканы айтылат.

Дүкөнчү Сюитанын айтымында, акыркы бир жылда арак орточо 100 сомго кымбаттады. Баасы кымбаттап, сатуунун көлөмү азайып кеткендиктен, жакында ичимдик сатууну токтотуп койду.

"Ичимдик сатууну токтотуп жатам. Баасы кымбаттап, эч ким ала албай калды. Кардарлардан сөз угуп жатабыз, алар бааны бизди кошуп жатат деп ойлошот экен. Анын үстүнө, салыкчылар эсеп-фактура, дагы бир нерселер деп талап кылып эле, текшерип жадатты. Ичимдик жеткирүүчүлөр да "бизди текшерип жатышат" деп, алып келбей жатат", - деди дүкөнчү.

Дүкөнчүнүн айтымында, эл эң көп сатып алган "Беленькая" арагынын 500 граммдык бөтөлкөдөгүсү мурда 75 сомдон сатылса, азыр 185 сомго чыккан. Мурда 220 сомдон сатылып келген "Градусник" арагынын баасы 380 сомго чейин көтөрүлгөн.

"Фрунзе" супермаркеттер тармагынын менежери Айзада алкоголдук ичимдиктердин баасы быйыл 30% өскөнүн билдирди.

"Жалпысынан алганда, алкоголдук өндүрүмдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 30% өстү. Баанын өсүшүнө логистикалык кызматтардын, материалдардын кымбатташы жана акциз салыгынын жыл сайын көтөрүлүп жатышы түрткү болууда".

Ичимдик базарында көмүскө ишкердик көбөйдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-июнда "Дордой Foods" азык-түлүк базарында ишкерлер менен жолугушканда кийинки кездери алкоголдук продукциялар аз сатылып калганын билдирди. Жапаров мунун себебин рынокто көмүскө ишкердиктин көбөйүп жатканы менен түшүндүргөн.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Мына азыр арак саткандар боюнча айтып коёюн. 2011-жылы мен каржы министри болуп турганда 1 млн. 600 миң декалитр арак сатылчу. Мен ошондон акциз чогултчумун. Азыр келип карасам, 328 миң декалитр экен, беш эсе түшүп кетти дейт. Кочкордо ал кезде бир ресторан жок болчу. Азыр 11 ресторан пайда болду. Шейшембиден баштап бош эмес. "Баары намаз окуп атат, арак ичпейт" дейт. Күндүр-түндүр иштеп атышат. "Кана" десе, баары эле башын жерге катат. Мына азыр УКМКнын биринчи орун басары кетти. Кармалды, жумушунан кетти. Салыкчылардын баары кармалды. Биздин үстүбүздө калкалоочу жок азыр. Камчыбек Кыдыршаевич калкалоочу болгон жери жок, ички иштер министри болгон жок, мен болгон жокмун, Садыр Нургожоевич дагы болгон жок. Азыр эми заводдордун ичине кирип, тартипке келтире баштадык".

Кийинчерээк Министрлер кабинетинин маалымат кызматы Акылбек Жапаровдун сөзү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев тууралуу болгону билдирди.

Маалыматка ылайык, Ж.Жоробаевге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын алкоголдук тармактагы ири субъектилердин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экени аныкталган. Ал кызматтан четтетилгенден кийин бул тармактан түшкөн салыктын көлөмү өскөнү байкалган.

Кийинки кездери алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун азайып баратышынын эки себеби айтылат.

Биринчиси - алкоөндүрүүчү ишканалар көмүскөгө кетүүдө. Экинчиси - кийинки жылдары калк арасында диний көз караштын жайылышы жана дени сак жашоого ыктаган жаштардын көбөйүшү.

Президент Садыр Жапаров да Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер рыногундагы өндүрүштүн 4 эсеге кыскарганына көңүл бурган. Өлкө башчы бул тармакта көмүскө ишкердиктин өрчүп жатканын көрсөтүү үчүн бир катар сандарды далил катары тарткан.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Бул бизде өтө аз ичип калганды билдирбейт, алкоголдук тармактын көмүскөгө кетип жатканын күбөлөндүрүп турат. Алкоголь тармагына болгон мамлекеттик көзөмөлгө карабастан, адам факторунан улам, алкоголдук продукциянын көмүскө жүгүртүлүшүнүн үлүшү кынтыксыз өсүп жатат жана ага ар кандай баа берүүлөр боюнча 40тан 80 пайызга чейин жетет. Ошол эле учурда 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында арак сатуу 3 миллион 436 миң декалитрге жеткен. Башкача айтканда, мыйзамсыз жүгүртүүдө арак продукциясынын дээрлик 3 миллион декалитри бар, бул болсо сатылуучу продукциянын бардык көлөмүнүн 86% жогоркусун түзөт".

Президент келтирген маалыматка ылайык, акциздик салыкты төлөөдөн четтөөдөн гана бюджеттин эсептик жоготуулары дээрлик 2,5 миллиард сомду түзгөн. 2019-жылы жалпысынан 139 миң бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция тартылып алынган болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык бөтөлкө алынган.

"КыргызАлкоПром" ассоциациясынын төрагасы Акылбек Кунакунов Кыргызстандагы алкоголь өндүрүшүнүн кескин кыскарып кетишине бир нече жагдайларды себеп келтирди.

Акылбек Кунакунов
Акылбек Кунакунов

"Анын себептери бар. Биринчи себеп, жылдан-жылга алкоголдук ичимдиктерге талап азайып барат. Мурда 200 кишилик тойго болжол менен 100 бөтөлкө арак сатылса, азыр 20-25 бөтөлкө гана сатылып калган. Муну адистер коомдо динге берилгендер көбөйгөнү менен байланыштырат. Экинчиден, өлкө боюнча 200дөй айыл аймакта арак сатууга тыюу салынган. Үчүнчүдөн, азыр алкоголь өндүрүүчүлөр үчүн продукциясын жарнама кылууга тыюу салынган. Мурда интернет аркылуу жарнама берип турса, азыр мыйзам түрүндө андайга дагы тыюу салынды. Көп факторлор бар. Ошондуктан, азыр өндүрүүнүн көлөмү үч-төрт эсеге кыскарды".

Шаардагы дүкөндөр акыркы эки жумадан бери алкоголдук ичимдиктерди жеткирүү токтоп калганын айтышууда.

"Стилетто" дистрибьютордук фирмасынын менежери Ильяз Байзаковдун айтымында, салыкчылар электрондук эсеп-фактура, санарип акциздик марка киргизүү тапшырмасы менен заводдорду тыкыр текшерүүгө алып жаткандыктан, логистика толук кандуу иштей албай жатат.

Ильяс Байзаков
Ильяс Байзаков

"Азыркы учурда пландуубу же пландан тышпы билбейм, текшерүүлөр жүрүп жатат. Кампалар жабык, анчалык көп товар чыга албай жатат. Себеби башында 4-5 күн туруп калганда көп кызматкерлерди кетирип салган. Ошондуктан, биз дагы деле мурунку калыбыбызга келе албай жүрөбүз".

"Салык өссө, арак кымбаттайт"

2021-жылга чейин этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкасы бир литрине 100 сом болчу. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январында бул ставка 120 сом, 2022-жылдын башында 140 сом болгон, 2023-жылы дагы 20 сом кошулат. Коньяктарга акциз салыгы бир литри үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-2023-жылдары бул ставкага жыл сайын дагы 10 сомдон кошулуп турат. Аз алкоголдуу суусундуктарга акциз салыгы бир литрине 200 сомду түзөт.

Мекемеден билдиргендей, мындай жогорулатуу Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында акциз ставкаларын шайкеш келтирүү үчүн жасалууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков товарларды маркалоо, электрондук эсеп-фактура өңдүү чаралар көмүскө экономиканы азайтат деп ишендирет.

Кубанычбек Ысабеков
Кубанычбек Ысабеков

"Биринчиден, 2021-жылдын 1-июлунан баштап алкоголь жана тамеки продукциясына товарларды маркалоо деп кирди. Экинчиден, электрондук эсеп-фактура кирип жатат. Эки жыл болуп жатат, эң биринчиден ушул алкоголдук продукцияны өндүрүүчү же импорт кыла турган ишкерлер кайсы дүкөнгө же соода жайына берсе, маалыматтык системада электрондук эсеп-фактураны көрсөтүш керек. Кимге канча сатып жатканын салык кызматы көрүп туруш керек. Дүкөндө электрондук эсеп-фактуранын распечатка болгон кагаз түрүндөгүсү болуш керек. Ошондо биз бүт көлөмдү көрүп турабыз. Ошондуктан, азыркы учурда көмүскө экономиканы азайтуу жана алкоголь продукциясын дагы ачыкка чыгарып, легалдаштыруу маселеси өзгөчө көзөмөлдө турат".

Салык кызматынын Акциз бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов салыктын өсүшү мыйзамдуу рыноктун көлөмүнүн азайышына түздөн-түз таасир этерин танбайт. Акматовдун айтымында, алкоголдук рынокто акциз салыгын жыйноо жылдан-жылга көбөйүүдө.

Бакыт Акматов
Бакыт Акматов

"Акциз салыгынын ставкасын көтөрүү менен көмүскө экономиканын деңгээли түз байланышта. Акциз салыгы канчалык жогору болсо, мыйзамдуу рынок ошончолук кыскарат. 2020-жылдан бери алкоголдук ичимдиктер рыногу да, бюджетке түшкөн салыктын көлөмү да өсүүдө. 2020-жылы 2 млн. 749 миң декалитр алкоголдук ичимдик өндүрүлгөн. Анын ичинен 338 миң декалитри арак. 2021-жылы 3 млн. 803 миң декалитр алкоголдук ичимдиктер өндүрүлгөн. Анын ичинен арак ичимдигине 498,7 миң декалитр туура келет. Бюджетке түшкөн салыктын көлөмүн карасак, 2020-жылы 802 млн. сом акциздик салык, 2021-жылы 956 млн. сом түшкөн. 2022-жылдын беш айында акциздик салыктан 390 млн. сом түшкөн. 2021-жылдын беш айында бүл сумма 227 млн. 169 миң сомду түзгөн".

Ошол эле мезгилде, тармактык эксперттер акциз салыгын көбөйтүү жана электрондук эсеп фактурасын киргизүү атамекендик алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөрдү муунтуп жатканын айтып, коңгуроо кагып келишет. Алардын пикиринде өкмөттүн мындай чаралары алкоголь өндүрүүчүлөрдүн көмүскөгө ыктоосун шарттап, аткезчиликтин өнүгүшүнө жол ачууда.

"КыргызАлкоПром" ассоциациясынын төрагасы Акылбек Кунакунов алкоголдук ичимдиктердин кымбатташына таасир кылган бир нече себептерди атады.

"Билесиңерби, жаңы салык кодексинин алкагында алкоголдук өндүрүмдөргө акциз төлөө салыктары каралган. ЕАЭБдин алкагында келишимдер бар, ошонун негизинде салык кодексине жоболорду киргизген. Жыл сайын акциз салыгы 20 сомдон 40 сомго чейин кымбаттайт. Баанын өсүп кетишине ошол себеп. Мисалы, эмдиги жылы дагы 20 сомго кымбатташы мүмкүн, андан кийин дагы, 2024-жылы 40-50 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Акциз салыгы бүгүнкү күндө бир литрине 120 сомдон бекитилген. Өндүрүүчүлөрдүн өзүнүн дагы чыгымдары бар. Фурнитуралары, эмгек акысын эсептеп келгенде бир суммага айланат. Мындан тышкары, буудай баасы да кескин өсүп кетти. Чийки заттын кымбаттап кетиши бирден-бир себеп. Казакстандан алчубуз. Украинадагы жагдайга байланыштуу буудай дагы тартыш болууда".

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдан бери өлкө бюджетин кескин көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп келет. 2022-жылы өлкөнүн бириктирилген бюджетин 400 млрд. сомго, ал эми 2023-жылы 560 млрд. сомго жеткирүү ниети жарыяланган. Ал үчүн негизинен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, коррупция менен күрөшүү жана салык саясатын реформалоо аракеттерин көрүүдө. Бирок ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү салыктын жүгү жана салыктык башкаруу оорлоп баратканына даттанып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG