Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Алты адамды басып калган машинанын айдоочусу кармалды


Кара-Суу району. Жол кырсыгы катталган жер. 24-июнь, 2022.
Кара-Суу району. Жол кырсыгы катталган жер. 24-июнь, 2022.

Ош облусунун Кара-Суу районунда алты кишини басып калган оор жүк ташуучу HOWO машинасынын айдоочусу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 26-июнда облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Айдоочу наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөрүлдү. Ал окуя учурунда мас эмес болгону аныкталды. 25 жаштагы айдоочу менен чогуу анын жанында бараткан 20 жаштагы жүргүнчүсү да суракка алынууда.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренесинин негизинде козголду.

Кырсык 24-июнда Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Маала айылында болгон. Көмүр ташып келе жаткан машина алты кишини – бир аялды, бир сегиз айлык боюнда бар келинди, үч кичинекей кызды жана бир ымыркайды басып калып, алар ошол замат каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочу машинаны башкара албай калганын, автоунаа жолдон чыгып кетип оодарылып калганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG