Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Сырткы карызды жабуунун быйылкы төлөмүнө 23 миллиард сом керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан быйыл сырткы карызды жабууга 23 миллиард сом бериши керек. Бул тууралуу 25-июнда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

“Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы бул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикага колдонбостон, жарымы уурдалып кеткенин кошумчалап, “Анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору” деп белгиледи.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5,1 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, тышкы карыз 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнө карата 53,70% түзүп калган. Тышкы карыздын 1,8 миллиард доллары же 42,2% Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG