Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Оштогу жол кырсыгы: эки келин, беш бала каза болду


Кара-Суу району. Жол кырсыгы катталган жер. 24-июнь, 2022.
Кара-Суу району. Жол кырсыгы катталган жер. 24-июнь, 2022.

Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип оодарылып, алты кишини басып калды. Алардын баары - бир аял, бир сегиз айлык боюнда бар келин, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай окуя болгон жерде каза болду.

Кырсык Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маала айылында эрте мененки сегиздер чамасында болгон. Анда көмүр ташып келе жаткан HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип оодарылып, алты кишини басып калып, баары ошол замат каза болгон. Мерт кеткен келиндин бири сегиз айлык кош бойлуу экени белгилүү болду.

Каза болгондор эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү

Кырсыктан каза болгондор эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү, тагыраагы, эки келин жана алардын балдары.

Саадат Мырзаева 28 жаштагы кызын, эки небересин жоготту. Ал кызы менен дары алганы жөнөп, аялдамада күтүп турганда жүк ташыган автоунаа келип кулаганын айтып берди.

"Аялдамага барсак, кош бойлуу келин балдары, кайненеси менен отурган экен. Алардын жанына отурдук. Мен бутум ооруп, ордумдан турдум да берки көчөнүн баш жагына бастым. Жүк ташыган машиненин келатканын көрдүм. Ал кулаганда үстүнөн түшкөн көмүр менин бутума да тийди. Эмне болгонун билбейм, бери жакка кулап түштүм. Баары көз алдымда болду. Баламды куткара албай калдым".

Оодарылып калган унааны көтөрүп, астында калып каза болгондорду чыгаруу учуру. 24-июнь, 2022.
Оодарылып калган унааны көтөрүп, астында калып каза болгондорду чыгаруу учуру. 24-июнь, 2022.

HOWO автоунаасы көмүрдү Папан айылынан ташып келе жатканы айтылды. Кырсык боюнча 24-июнда саат 8:27де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, райондук бөлүмдөн тогуз куткаруучу жана бир кран тартылган.

"Жүк ташуучу унаа батыштан чыгышты көздөй көмүр ташып бара жаткан. Айдоочу 1997-жылы туулган жаран экен. Ал унааны башкара албай калып, жол жээгинде турган алты адамды басып калган. Алардын баары ошол замат каза болгон. Кырсык болгон жерге Ош шаардык башкармалыгынан тогуз куткаруучу тартылган. Автоунаа басып калган адамдардын сөөктөрү чыгарылып, экспертиза үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деди ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүнтбек Осмонов.

HOWO унаасы көмүр ташып бараткан. ӨКМдин кызматкерлери анын бортундагы көмүрдү бошотуп жаткан учур.
HOWO унаасы көмүр ташып бараткан. ӨКМдин кызматкерлери анын бортундагы көмүрдү бошотуп жаткан учур.

Жолду тарыткан мыйзамсыз курулуштар

Бул кырсык Жаңы-Мааленин жолун кеңейтүү маселесин козгоду. Ал жерден унаалар көп каттагандыктан, жергиликтүү тургундар жолдон ары-бери өтүү кооптуу экенин айтышат.

Айыл тургуну Букия Тажибаева чоң жолдун боюна светофор орнотуп берүүнү жергиликтүү бийликтен көп жолу суранганыбыз менен аткарылбай келет дейт.

"Жолдорубуз тар. Унааларга кол булгалап жатып араң өтөбүз. Бул жолдун чети да абдан тар. Балдарыбыз да аябай шок. Бул жерде жети адам каза болду".

Кырсык болгон жерде жол четинде мыйзамсыз курулган дүкөндөр да көп экени, жөө жүргүнчүлөргө кооптуу болуп калганы да айтылды. Жергиликтүүлөр 4,5 миң калк жашаган Жаңы-Мааледе соңку жылдары жаш балдар катышкан жол кырсыгы көбөйгөнүн да көтөрүштү. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Тынчтыкбек Садыков бул боюнча комиссия иштеп жатканын, жол четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынарын билдирди.

"Жол жээгине чыгып кеткендер боюнча мурда комиссия түзүлгөн. Мыйзамсыз курулуштарга каршы чаралар сөзсүз көрүлөт. Мындан сырткары аялдамаларды да орнотобуз. Манас эстелигинин айланасына биринчи жумуш катары аялдама койдук. Эл пайдалана турган аялдаманын баарын коебуз. Бул маселелер чечилет. Мыйзамсыз курулуш ээлери каршылык көрсөткөнүнө карабастан чаралар көрүлөт".

Алты адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат. Милиция соттук-медициналык экспертизанын жана транспорттук экспертизанын бүтүмүнө карап кылмыш ишин козгой турганын билдирди.

Бул арада 18-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эс алууга бараткан бүтүрүүчүлөр кырсыкка кабылып, беш бала жараат алганы кабарланды. Кырсык Кербен - Үч-Коргон жолунда болуп, 19 жаштагы бала башкарып бараткан унаа жардан кулаган. Жараат алгандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Учурда алардын экөөнүн абалы орто оор деп бааланып, бирине операция жасалган. Төртөө ооруканада жатат.

Жол кырсыгы: үч айда 110 адамдын өмүрү кыйылды

Жол кырсыктары Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. 21-майда Кадамжай районундагы Чечме айылында Өзбекстан менен чектешкен жердеги чек ара бекетинде оор жүк ташуучу унаа катышкан ири жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болгон. Кырсыкка кабылган унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык экени, ал Кадамжайдагы айылдарга селдин кесепеттерин жоюу үчүн техникаларды алып бара жатканы аныкталган.

ИИМ бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

19-майда Кочкордо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, төрт адам набыт болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт болуп, экөө жараат алган.

ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.

Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.

Ош: Жаңы-Мааледеги жети кишинин өмүрүн кыйган кырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG