Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

"Күбөлөр мас экенин айтышты". Кырсыкка кабылган кызматтык унаа


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жолдон чыгып кеткен автоунаасы. 11-июнь, 2022-жыл.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жолдон чыгып кеткен автоунаасы. 11-июнь, 2022-жыл.

Жарандык активисттердин арызынан соң Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматтык унаасы кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. ИИМ кызматтык автоунааны айдаган жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү кармалганын жарыялады.

Кырсыкка себеп болгон кызматтык унаа

11-июнда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылына жакын жерде Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Анда кызматтык автоунаа кырсыкка себеп болуп, "мас абалында МАИнин машинесин башкармаган айдоочунун ал жактан чыгарылып кеткени" тууралуу видео тасма тарады.

Окуянын күбөлөрү жана жарандык активисттер окуя болгон жерге барып, видеого тартып, социалдык тармакка жүктөгөн. Анда жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерин жоопкерчиликтен куткарып кетүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.

Бирок министрлик бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, кылмыш иши козголгонун жарыялады. Ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү бул иш боюнча кармалганын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Рыскүл Жайлообекова кабарлады:

"Мерседес-Бенц Даймлер Крайслер" үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына таандык. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси "Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү аныкталып, суралууда. 2022-жылдын 12-июнунда козголгон иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлдү. "Мерседес-Бенц Даймлер Крайслер" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды".

Алдын ала маалымат боюнча чыгышты көздөй бараткан "Мерседес-Бенц Даймлер Крайслер" кызматтык унаасы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү машинасынан ашып өтөйүн деген учурда аны артынан жөөлөп барып сүзгөн. Натыйжада кызматтык унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, бадалдарды аралап өтүп, бакты сүзгөн. Кызматтык унаада жараат алган эки кыз болгонун окуянын күбөлөрү видеого тартып, социалдык тармакка жарыялаган. Алар кызматтык автоунаанын айдоочусу машинени мас абалда башкарып баратышы мүмкүн деген шек менен аны текшерүүнү талап кылышкан.

Бирок жол кайгуул тобу кырсыкка учураган кесиптешин ал жактан алып чыгып кетип, жоопкерчиликтен куткаруу аракетин көргөнүн кийин күбөлөр айтып чыгышты.

Жарандык активисттер 12-июнда Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын алдына чогулуп, "жол кырсыгына себепкер кызматкерди жоопко тартууну" талап кылышты. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул тобу окуя болгон жерге барганы кийин аныкталган.

Жоопкерчиликтен куткаруу айласы

Жол кыймылына байкоо салган жеке блогерлер адатта күч түзүмдөрүнүн адамдары кызматтык унаа менен жол эрежесин бузуп, жол кырсыгына кабылып, жоопкерчиликтен кутулуп кеткен учурлар көп экенин айтышууда.

Окуя болгон жерге барып, тасмага тарткан жарандык активист Эртай Искаков бул ишти жашыруу аракети жүрүп жатканын айтып, ага токтоосуз чара көрүүнү ички иштер министринен талап кылды:

"Бүгүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери Кантта кызматтык унаа менен "Тико" автоунаасын сүзүп, качып кеткен. Анын мас абалында экенин окуя болгон жердеги көргөндөрдүн бардыгы айтышты. Аны ал жактан башка МАИ кызматкерлери алып кетип калышкан. Анын кызматтык унаасын Канттын токтотмо жайына киргизбей, бул жакка алып келгени белгилүү болду. Бирок айдоочуну анын ичип алганын аныктоо үчүн наркологияга алып барганы белгисиз. Биз кызматтык иликтөөгө ишенбейбиз. Ошондуктан мында чогулуп, аны таап, наркологияга алып барууну талап кылабыз. Эмне үчүн башка айдоочулар жол кырсыгына кабылса, бачым эле алып барышат. Ал эми муну болсо, качырып жеберишти".

Жарандык активисттердин айтымында, кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган айдоочу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери Нурлан Байтбаев экени аныкталган.

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов кызматтык унааны мыйзамсыз пайдаланууга жол берген аракеттер боюнча да кызматтык иликтөө жүрүшү керек экенин белгиледи:

Ялкун Даудов, Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы.
Ялкун Даудов, Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы.

"Кызматтык унаага башка бир жарандык адамдарды салып бараткандын өзү эле мыйзамды бузуу деп эсептелинет. Экинчиден, ал жол эрежелерин сактабай, жолдо бараткан автоунааны озуп өтүүгө аракет жасаганы жол кырсыгына себеп болуп жатат. Үчүнчүдөн, автоунааны айдап бараткан кызматкердин спирт ичимдигин ичип алганын айтышууда. Эгерде мына ошонун бардыгы ырасталса, анда кылмыш ишин козгоп, аны кызматтан алып, чара көрүү керек. Бул жерде, анан калса кызматтык унааны минип алып жүргөнү болуп жатпайбы. Бул абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан биз бул тергөө ишинин жүрүшүн көзөмөлдөп турабыз".

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Mercedes-Benz Daimler Chrysler кызматтык унаасы сүзгөн Daewoo Tico унаасынын жүргүнчүлөрү медициналык кароодон баш тарткан. Анын салонунда беш жүргүнчү, көпчүлүгү жаш балдар болгон.

Ал эми Mercedes-Benz кызматтык унаасында отурган эки кыз ар кандай деңгээлде жаракат алып, ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Буга чейин жол кыймылын көзөмөлдөөнү реформалоо демилгеси башталып, бирок долбоор натыйжалуу жыйынтык бербей, кайра мурдагы абалда калганы коомчулукта сынга кабылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG