Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

АКШ, Канада, Жапония жана Британия Орусиянын алтынын импорттоону токтотот


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

“Чоң жетиге” кирген төрт мамлекет – Улуу Британия, АКШ, Жапония жана Канада жакынкы арада орусиялык алтынды импорттоого чектөө киргизет. Мындай чара Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу санкциялардын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу британ премьер-министри Борис Жонсон “Чоң жетинин” Германиядагы саммитинин ачылышында билдирди.

Мурда Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Орусиянын алтынын импорттоону “Чоң жетиге” кирген бардык өлкөлөр чектей турганын жазган. Ага жогорудагы төрт мамлекеттен тышкары Франция, Германия жана Италия кирет. Алардын бул санкцияга кошулган-кошулбагандыгы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жонсондун айтымында, мындай чектөө акыркы убакытта өз активдерин алтынга өткөрүп жаткан Орусиянын олигархтарына жана “Путиндин согуш машинасына” сокку урмакчы.

“Эл аралык алтын соодасындагы Лондондун борбордук ордун жана АКШ, Жапония жана Канаданын аракеттерин эске алганда бул чара дүйнөлүк масштабга ээ болуп, орусиялык алтынды жөнгө салынган эл аралык базарлардан жоготот”, – деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, былтыр алтындын экспортунан Орусиянын экономикасы 15 миллиард доллар пайда тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG