Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

ДСУ: Маймыл чечеги боюнча абал дүйнөлүк өзгөчө кырдаал эмес


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) Өзгөчө кырдаалдар комитети маймыл чечеги оорусу боюнча соңку абал "саламаттык сактоо жаатындагы эл аралык мааниге ээ болуучу өзгөчө кырдаал деп эсептелбейт" деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына 25-июнда жарыяланган маалыматта айтылды. Комитет ДСУнун жетекчилигине бул оору боюнча азыркы кездеги абалды өзгөчө кырдаал деп тааныбоону сунуш кылып, анын сунушу кабыл алынды.

Эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал саламаттык сактоодогу кооптуу абалдын эң жогорку деңгээли болуп эсептелет. Акыркы жолу андай кырдаал COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарыяланган болчу.

Ошону менен катар ДСУ маймыл чечеги бул жолу мурда болбогон өлкөлөрдө катталып, ооругандардын көбү гомосексуал эркектер болуп жатканы өзгөчө жагдай экенин тааныды.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамда дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG