Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жакында уланары айтылды


Жозеп Боррел жана Хосcейн Амир Абдоллахиян.
Жозеп Боррел жана Хосcейн Амир Абдоллахиян.

Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Ирандын 2015-жылдагы өзөктүк келишимин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы арада кайра уланарын билдирди. “Биз сүйлөшүүлөрдү жакынкы арада кайрадан баштап, туңгуюктан чыгууну көздөп жатабыз” деди ал 25-июнда Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Хосcейн Амир Абдоллахиян менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда.

Иран министри жолугушуу “узак, бирок позитивдүү” болгонун белгилеп, Иран дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга даярдыгын, 2015-жылдагы келишимден толук экономикалык пайда көрүү өлкө үчүн маанилүү экенин айтты.

2015-жылы Иран өкмөтү Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк келишимге жетишип, өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайра калыбына келтирүү сүйлөшүүлөрү улам үзгүлтүккө учурап, ортодо токтоп да калган эле. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG