Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Украин аскерлери орун которуп, күч топтоо тактикасына өткөнү кабарланды


Северодонецк шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Северодонецк шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Украин армиясы Северодонецк шаарындагы айыгышкан жана узак салгылашууга карабастан ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун расмий билдирген соң орун алмаштырып, күрөштү бийигирээк жерден улантарын убада кылууда.

Өлкөнүн аскердик чалгын мекемесинин башчысы Кирилл Буданов 26-июнга караган түнү «Рейтер» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып Северодонецкти алдыргандан кийин украин аскерлери Лисичанск шаарынын чыгыш тарабынан коргонууну улантарын билдирди жана “Северодонецк жакта биздин аскерлер тактикалык орун алмашуу жүргүзүп жатышат. Алар тактикалык жактан ыңгайлуураак позицияларга кетүүдө” деп айтты.

Буданов Орусия Мариуполду жер менен жексен кылгандай тактикасын Северодонецкте да колдонуп жатканын, урандылар жана ээн талаа сыяктуу шартта коргонуу мүмкүн болбой калганын, ошондуктан украин аскерлери бийигирээк жакка барып коргонуу операциясын улантарын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери анын толук талкаланган Мариуполдон кийинки чоң жеңиши Северодонецк болуп калды. Шаардын жетекчилиги ал жакта 10 миңдей жайкын тургун бар экенин, орус тарап өз комендантын дайындап жатканын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG