Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолукту


Бишкектеги жолугушуу. 27-июнь, 2022-жыл.
Бишкектеги жолугушуу. 27-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенттинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Тараптар Ооганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты. Буга чейин Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми Борбор Азия сапарында Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринде болгон.

Таалатбек Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматында турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG