Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Милиция Бишкекте уурдалды делген кызды издеп жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Милиция Бишкек шаарындагы "көчөдөн бойго жеткен кыз уурдалды" делген окуяны иликтеп жатат. Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы азырынча эч ким арыз менен кайрылбаганын билдирди. Социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат.

24-июнга караган түнү баш калаанын Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде "бойго жеткен кыз уурдалды" делген видео интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго обочо жерден тартылган кыска видеодон кыз “жардамга” деп кыйкырып, ал эми видеого тартып жаткандар “аны уурдап кетишти” деп айтып жатышканын көрүүгө болот.

Мындан бир жыл мурун Бишкекте көчөдө кетип бараткан жеринен уурдалып, кийин талаада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзаданын, милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулайдын окуясы кыргыз коомун катуу чайпап, адам уурдоо оор кылмыш экени белгиленип, күнөөлүүлөрдүн жазасыз калганы күн тартибине чыккан.

2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталганын быйыл 5-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирген. Ала качууга каршы активисттер бийликке талаптарын коюп, бир катар акцияларды уюштурган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG